Жан дүйнөнү ээнсиреткен «Ээнсиреген үй».

Автор: aykol, Сентябрь 14, 2012

 

            Көптөн күткөн күн келди.  Нурбек Эгендин «Ээнсиреген үй» фильминин премьерасына билет алып, бутум-бутума тийбей татырактаган бойдон чуркап бардым.  Фильм бүткөн соӊ бир кызыктай абалга туш болдум. Жан дүйнөмдү бирөө күчкө салып кагып, өзүмдүн денемди бир бош кутудай эле сездим. Башым кеӊгиреп, эчнерсени ойлоно албаган абалга келдим. Ичимде бир нерсе мени бушайман кылып жатты. «Ээнсиреген үй» жан-дүйнөмдү ээнсиретти.  Ошол маалда эч нерсени түшүнө албадым. Убакыт өткөндөн кийин гана мунун себептерин түшүндүм. Түшүндүм окшойт… Башымда көп суроолор пайда болду.

            Бул менин фильмге болгон жеке пикирим. Муну менен фильмди жамандайын да же мактайын  деген да ниетим жок. Кеч болсо да башыма келген ойлорду кагазга түшүрүп сиздер менен бөлүшөйүн дедим.

            Фильм экранга жаӊы чыкканда эле төшөк сахналары менен элди бир дүрбүттү. Нурбек Эгенди сөкчүлөрү сөгүп, тамшанчулары тамшанып эле жатып калышты. Коомдо көӊүлдүн көбү ушул сахналарга такалып эле жалпы маанисине көӊүл бурулбай калды окшойт. Муну менен режиссер фильмди дагы курч көрсөтөйүн дедиби, же «Мына силерге» деп өз чыгармачылыгындагы бир эр-жүрөк кадамыбы, же көбүрөөк көрүүчүлөрдү тартып «касса» топтоюн дедиби, бул мен үчүн табышмак бойдон калды. Эмнеси болсо да бул Нурбек Эгендин режиссердук чечими. Мени тынсыздандырганы, эптеп атын чыгарып, элден акча топтомойго көнгөн «самопал» режиссерлор мындай сахналарды тартпаса экен дегеним. Мындай аракеттин  жыйынтыгы кандай болоору алдын ала белгилүү да.

            Фильмде бир сүйүнтө турган нерсе — башкы каарманды ойногон Марал Койчукараева бир гана Нурбек Эгендин табылгасы эмес, жалпы эле кино дүйнөсүнө ачылыш болду окшойт.  Кыргыз, орус, француз  профессионал актерлордун жанында биринчи жолу киного тартылып жаткан Марал бир канча кадам алдыда турат. Маралда жасалмалуулук жок. Ал ошонусу менен утат. Татаал  ролду жаратуу менен эле бирге «Эл эмне» дейт деген көнүмүш стереотипти тоготпой ачык сахналарга макул болгонуна даӊк жана дүӊк!

            Бул фильмде бир да оӊ каарман жок экен. Бир да каарман  фильмдин аягына чейин оӊ тарапка өзгөрүлбөйт. Тескерисинче жаман болсо ого бетер жаман бойдон кала берет. Асел — алдында максаты жок, тереӊ ойлонбогон кыз. Жашоонун агымы аны кайда бурса ошол жакка ооп кете берет. Мейли, жеӊил ойлуу экен. Жакшы, жеӊил жашоону каалады. Анын эмнеси жаман экен. Султандын жыйылган акчасына көмүлүп, баласына ата кылып жашай бербейт беле. Жок. Колукту болгусу да келбеди, эне болгусу да келбеди.  Эмнегедир Москвага кетти.  Көрүүчүгө Аселдин жашоодон эмне каалап жатканы да белгисиз. Марат аттуу жигити менен жылуу сезим, аяр мамилени эмес, жөн гана төшөктөш болгонун көрөбүз. Анысы ылайыгы келген жерде эле баса калат.  Деги эле Аселдин тегерегиндеги эркектердин баардыгы алсыз.  Жигити жоопкерсиз, коркок. Күйөөсү Султан элдин баарын арам акчага сатып алам дейт, Султан акчанын күчү менен гана султан боло алат.  Атасы жинди сууга көз каранды, алсыз, кызын бир плазма телевизорго сатты.

Асел алда канча күчтүү. Ага анын жеӊил ойлуулугу күч берет. Кетем деген жагына кете берет, кылам дегенин кыла берет. Башына оор иш түшсө да, мүӊкүрөп отуруп калбайт. Эч качан ыйлабайт. Качыш керек болсо качат, мушташыш керек болсо мушташат. Асел үчүн күнүмдүк гана жашоо маанилүү.  Энелик мээримсиз чоӊойгон кыз. Ушул нерсе анын кулк-мүнөзүнө катуу таасир берген.

            Фильмде кээ бир сюжеттер өз ара байланыша албай калгандай сезилди. Алар фильмдин убактысын гана созуп, мен үчүн суроо гана жаратты. Мисалы: эртеӊ үйлөнө турган Аселди Султан эмне үчүн митингге чыгарат? Фильмдин башынан аягына чейин 3-4 жолу ээн талаада жүргөн койду көрөбүз. Муну менен эмнени түшүнсөк болот? Символ катары башкы каарманды койго салыштыруубу же..?  Койлордун ичине наркотик тыгып, чек арадан өткөрүү — деги эле бул сюжет керек беле, анан аягы  эмне болду? Бул жөн гана көрүүчүнү дагы бир жолу ашыкча таӊ калтыруу аракетиндей сезилет.  

            Фильмде Кыргызстанды тегеректеген үч өлкө бар. Россия, Кытай, Америка. Бир туруп орустардын акчасына, бир туруп кытайлардын акчасына өзүбүзгө өзүбүз митинг уюштуруп, өзүбүз менен өзүбүз эле мушташып алмайыбыз бар. Султанды тегеректеген орус менен кытайдын ар кимисинин өз максаты бар. Эттен чоӊураак тиштеп калайын деген. Ал эми Америка тууралуу Султандан гана угабыз. Ал Америкалыктар кыргыздарга дос эмес деп чоӊунан баштап кичинесине айткандан чарчабайт.  Ал тургай Аселдин баласын сатып алган француз аял да америкалыктарды жактырбасын айтат. Бул бизге орус саясатынын таӊуулаган оюндай сезилди… Фильм деги эле көп улуттарды камтыйт. Көӊүлүмдү бир каарман бурду. Москвадагы Игорь. Анын сүрөттөмөсү: акылдуу, интеллигент.  Тамыр-түбү Москвадан! Бирок кризистен кийин айласы жок «дядяга» иштейт. Жапайы түрктөргө… (туугандарга да тийише кетишиптир). Игорь Аселге жыргал жашоону үйрөтөт. Анын айтуусунда көлүбүздүн түштүк жээги алтындын уюгу. Көздөрү жанып, бизнес план да ойлонуштура коет.  Оо, бир оӊ каарман бар окшойт. ))

            Ошентип фильмдин аягында Асел ымыркай баласын сатты. Баштыгына акча толтурду. Бирок дагы эле максаты жок. Кайра эле башы оогон тарапка кеткен Асел ара жолдо каракчыларга жем болду.  Өз жолун таба албады. Асел — мен ырдай алам деп мактанып калмайы бар эле. Сахнага чыгып ырдай баштаганда, анын ырдай албаганын өз кулагыбыз менен угабыз. Бирок эч нерседен тайманбаган Асел  үнүн оӊдоп, кайра башынан ырдай баштайт. Аттиӊ,  жашоодо да каалаган жериӊден токтотуп кайра башынан баштай алсаӊ гана…

            Урматым менен Нурбек Эгенге чыгармачылык ийгиликтерди каалап,  дагы жаӊы фильмдерди кызыгуу менен күтөм.

комментария 2

Баракелде!

Автор: Куштарбек Кимсанов, дата: Воскресенье Сентябрь 16th, 2012 23:26. Ответить #

Жалпы алып келип Караганда ,тасма жакшы эле тартылыптыр.озгочо аселди ойногон кызга баа бердим ,таланттуу кыз экен. Нурбек байкеге чон ийгилик ,дагы дагы ушундай жакшы тасмаларды жара та берсин демекчимин.

Автор: аман, дата: Пятница Декабрь 6th, 2013 02:07. Ответить #

Оставить комментарий

Не публикуется.

Если есть.