Чет өлкөгө кетким келет…

Автор: aykol, сентября 20, 2012

                           Англис тили сабагында отурабыз. Жети киши. Баардыгы айыл жергесинен келген студенттер көрүнөт. Кыздар, балдар. Жыйырма биринчи кылымдын тилин үйрөнөлү деп, замандан артта калбай, билимге умтулгандары жакшы.

Мугалим алгачкы сабакты баштап, эмне үчүн англис тилин үйрөнгүңөр келди деген суроо менен кайрылды. Жети кишинин бирөө гана «Иштеген ишиме керек болот» деп жооп берсе, калган алтоо «Чет өлкөгө кеткибиз келет» (албетте АКШ!) деп айтышты. «Чет мамлекетке барып окугубуз келет» дешкен да жок… а «Кеткибиз келет».

Эмне үчүн Кыргызстандын калкынын саны беш гана миллион экенин эми мага бир аз түшүнүктүү болду окшойт. Менин дагы кетким келет… бирок окуганы.

комментария 3

Калктын аздыгынын себеби анда эмес. Башынан эле кыргыздар аз болчу. Азыр көбөйүп жатпайбызбы.

Өлкөдө абал кыйын, а жашоо бир да.

Автор: kalys.osmonov, дата: Среда ноября 14th, 2012 17:38. Ответить #

“Окуганы кетким келет” деген бул “кетким келет” дегендин жашыруун айтылышы. Анан “бир аз иштеп” Кыргызстанга кайтам”, “Профессурамды аяктап алайын”.

Автор: Жыргал, дата: Четверг января 24th, 2013 10:36. Ответить #

Кетким келет эмес, окуганы кетким келет. Мунун себебин кийин дагы кененирээк кылып жазам.

Автор: aykol, дата: Пятница января 25th, 2013 13:30. Ответить #

Оставить комментарий

Не публикуется.

Если есть.