Президент жана бомж: Жалкоолук КЕТСИН!

Автор: aykol, January 23, 2013

Айрым гезит беттеринде жерге-сууга тийгизбей мактаган “Президент жана бомж” аттуу фильмди көрдүм. Адегенде мен да көргөнгө кызыгып ашыктым, чын эле жакшы  фильм го деп. Анткени интервьюларда режиссеру да, продюсери да аябай мактанышат, баардык жагынан профессионалдуу фильм тарттык деп. Көрүп алып капа болдум. Көрсө андай эмес экен. Фильм азыркы үйрөнчүк режиссерлордун  фильмдеринен эч деле айырмаланбаптыр. Ал эми элге таанымал,  мен-мендеген профессионалдуу актёрлор тартылды дегендери бул фильмдин мыкты болушуна толук кепил боло албайт. Болгону фильмде заманына кейип турган элдин курч жаратын акырын чукуп коюшганы гана  көрүүчүнүн кызыгын арттырды окшойт.

Белгилей кетчү нерсе, мен фильмди жаратуучулар менен эч кандай катнашым жок. Фильм тууралуу кескин көз карашым үчүн “Ии, бул көрө албай жатыптыр, биздин сонун “серьезный” фильмибизди” деп ойлобой эле коюшса болот. Биринчиден, мен жөн гана кыргыз киносуна кайдыгер карай албаган көрүүчүмүн. Экинчиден, ар бир сын жүйөлүү далилдерге таянышы зарыл. Өзүмдүн далилдеримди окуучуга түшүндүрүп бергенге аракет кылайын.

Сюжет. Фильмдин башында президент кортежде кетип бара жатып жолдо бөтөлкө терип жүргөн бомжду көрүп калып “Мага премьер-министр экономикабыз дүркүрөп өсүп-өнүгүп жатат деди эле, а бизде бомждор да бар турбайбы, элдин турмушу начар тура” деп кейип-кепчийт.  Муну уккан жардамчысы дароо тымызын тиги бомжду жазалоого буйрук берет. Байкуш бомжду кызыл шапкечендер кармап “Президенттин жолунан көрүнбө” деп эскертүү беришет. Эртеси күнү бомж президент өтүүчү жолдо “Урматтуу президент, чындыкты угуӊузчу!” деген жазуу менен турат. Ии, элдин жалпы дартын айтат го десем,  жок, кат аркылуу бир бизнесмендин (Омордун) дартын айтып жардам сурайт. Андан аркысы, ошол бизнесмендин окуясы көрсөтүлөт. Казакстанга барып бензин алып сата коём деп, элдин баарынан карызга акча топтоп, үй-жайын сатат. Казакстандан аны тоноп кетишет. Карызга белчеден баткан Оморго үй-бүлөсү, ойношу, жоро-жолдоштору артын салып, эч нерсеси жок калат. Бир таанышынын карызын жабыш үчүн ылай тебелеп, үй салып иштейт. Ошол жактан бир айылдаш кызды жолуктурат. Кыз ага атайы келип жарма берет. Анан бир күнү карыз берген адамдар сотко берип ал түрмөгө түшөт. Анан эле орто жолдон тиги бомждун катын окуган президент Омордун түрмөдөн акталып чыгуусуна жардам берет. Тонолуп кеткен акчалар да табыла калат. Президент пикетке даярданып жаткан элди көрүп, жардамчыларынын, үй-бүлөсүнүн каршы турганына карабастан президенттик ордун экинчи мөөнөткө узартпастан тапшырып берет. Омор министрдин орун басары болуп иштеп, заӊгыраган үйдө жашап, баягы жарма берген кызга үйлөнүп, жыргап-куунап бактылуу жашап калышат.

Каармандар.

Президент. (актер – Марат Алышпаев) Фильм башталганда эле президенттин элдин жашоосу тууралуу өтө пафостуу сөзүн угабыз. Президент элдин арасынан эмес, асмандан түшө калгандай эле. Зыӊкыйып отурган эстелик. Театрдын сахнасында монолог айтып жаткандай. Өтө эле жасалма. Фильм башталып бүткөнгө чейин ошол калыбынан жазбайт.  Ойлондура турган нерсе, элдин кыялындагы президенттин образы. Деги, кыргыз элинин үмүт менен күткөн башчысы кандай болуш керек? Фильм жаратуучулар “Биз фильмде кыргыз элинин кыялындагы президентти көрсөттүк” дешиптир. Тегерегиндегилердин сөзүнө муюп, өз өлкөсүнүн абалын, элинин муӊун сезе билбеген, плакат менен пикетке чыкканда гана араӊдан зорго элди байкаган, өлкөнү башкармак тургай, өз үй-бүлөсүнө күчү жетпеген – алсыз, “сокур” президент.  Анан экинчи мөөнөткө шайланбайм десе эле ошону туу тутуп, мына мыкты президент деген ушул деп,  ошол биздин ашкан кыялыбыз болсо керек…а кылган ишичи? Же арыбери кортежге түшүп алып “кататься” этмейби…

Бомж. (актёр-Марат Жанталиев “Бопуш”) Ушул актёрду карап “Өмүрү бир образга такалды да калды” деген ой келет. Анткени, деги сахнада болсун, деги кинодо болсун баягы эле окшоштук. Эч өзгөрүү жок, болгону фильмдердин гана аты алмашпаса… Бул каарманга фильмдин аты ыйгарылса да, фильмдин башында жана аягында эле жылт этип көрүнүп коёт. Бомждун жашоосу, кыял-жоругу толугу менен ачылып берилбегенден кийин, фильмдин аталышын “Президент жана Омор” деп эле атап коюшса болмокэкен. Албетте, бул жерде аталышы менен элди кызыктыруу максаты бар, кинотеатрдын кассасына акча көбүрөөк түшсүн деп.  Фильмдеги президент менен бомждун арасында курч байланыш деле жок, бомж Жума арачы болуп, президентке кат жазып  Оморго жардам сураганы эле болбосо. Андыктан мындай аталыштын да зарылчылыгы жок эле.

Омор. (актёр-Аскат Сулайманов) бул фильмде актёрлук чеберчилиги ашып-ташып кетпесе дагы, башка кесиптештеринин фонунда алда канча айырмаланат. Айрымдарга окшоп театрдагы жасалмалуулуктан алысыраак турат.

Чилтен. (актёр-Марат Козукеев) Фильмде негизги каармандар жогорудагы үчөө. Бирок дагы бир каарманды, тагыраак айтканда актёрду баса белгилеп кетким келет. Анткени, кичинекей роль болсо дагы, атайын аракет кылып, каарманына жараша бир кулк-мүнөздү жарата алган жалгыз профессионал актёрду көрө алдым. Ал Оморду ылай тебелетип иштеткен – Марат Козукеев.

Фильмдин сценарийи өтө төмөн деӊгээлде жазылган. Көптөгөн шаблон колдонулган. Каармандардын образы, кыял-жоругу толугу менен ачылган эмес. Көп эпизоддордун логикалык жактан кемчиликтери бар.

Фильм жаратуучулар оӊой жолго качышкан, айрым бир окуяны түшүндүрүүдө аны көрсөтүштүн ордуна сөз менен гана баяндап коюшат. Бир каарман экинчисине айтып берет ал жөнүндө.

Фильмдин эӊ башында титр жазылып жатканда ак көйнөкчөн кыздар бийлептир, андан кийин дароо президенттин машинесин көрсөтөт. Фильм бүткөнгө чейин ал кыздардын фильмге бир байланышы бар го деп күттүм. Бирок түшүнгөнүмө караганда,  башында бир жылт этип көрүнүп бийлеп койгон кыздар жөн гана баштагы жазуулар (титрлер) үчүн кооз болсун деп колдонулганбы деген ойдо калдым.

Акыркы кезде биздин фильмдерде дежүр болуп калган баягы эле жылаӊач кыз, кучакташып “Сен мени сүйөсүӊбү? Ой, кандай бактылуумун…” ж.б.

Башкы каарман Омор кандай гана жеӊил ойлуу бизнесмен… Эч ойлонбостон, коркпостон элдин баарынан акча карызга топтоп, анысы аз келгенсип, ал акчаны камырабастан баштыкка салып Казакстанга жөнөп көчөдөгү таксиге отурганы таӊ калтырды… Же биздин бизнесмендер ушундай тобокел болушабы? Же бул фильм жаратуучулардын өзгөчө фантазиясыбы…

Ичкен эркектер, сатылган кыздар, ишине берилип жанталашып иштеген киши жок. Баары эле оӊой оокат тапсам дейт. Буга күбө “1 млн. акчам болсо эчтеке кылбай, потолокко чыйт түкүрүп коюп эле жатмакмын” дейт каармандардын бири. Фильмдеги бомждордун бири да эртеӊки күн тууралуу ойлонбойт. Эптеп өзүнүн “районун” коргоп, чогулткан бөтөлкөнүн акчасына арак ичип, курсакты жылытмай. Жума машинеде кетип бара жатып эски бомж таанышын көрүп калат да, ага 500 сом чөнтөгүнөн чыгарып берет. Дагы башка бир бомж ооруп жатканын угуп, ага дарыга деп 1000 сом берет. Албетте бул ак эмгеги менен эмес, оӊой түшкөн акчаны ал бомждор аракка кетирээри айдан ачык. Андан кийинки эле эпизоддо чогулуп арак ичип отурган бомждор. Ал жакта катыны да бар, эри да бар. Анан аларга “митингге чыккыла, акча беребиз” десе “ляппай” деген бойдон жөнөшөт.

Фильм эмне жөнүндө? Фильм президент жөнүндө эмес, бомж жөнүндө да эмес. “Алма быш, оозума түш” деген ураан менен жашаган биздин элдин жалкоолугу тууралуу. Бирөө келип сөссүз жардам бериш керек, же жеке турмуш маселелерди чечип бериш керек (анан да ал сөссүз президент болуш керек J),  же жамбаштап кыялданып жатканда акча асмандан түшө калыш керек. Жаратуучулар азыркы коомдогу болгон окуяларды көрсөтөбүз деп төшүн каккылап жатышып, чындыктын анык өзөгүн көрсөтүшкөндүгүн өздөрү да байкабай калышса керек. Анткени ар бирибиздин жашообуздагы кыйынчылык үчүн өлкөнүн президенти гана күнөөлүү эмес, президентти кубалаганда эле турмуш гүлдөп кетпес. Качан гана ар бирибиз өзүбүздүн жасаган иш аракетибизге толугу менен жоопкерчиликти сезе билгенде гана көз карашыбыз өзгөрмөк. Ошондо эмгекчилдикке умтулмакпызбы дейм.

Фильмди жаратуучулар канчалык мактанышсын, бирок убакыт өзү элек болот. Чыныгы фильмдин өмүрү узак. Канча көрсөӊ дагы, убакыт өткөн сайын кайра-кайра көргүӊ келе берет. Мисалы, мен бул фильмди экинчи ирет көрө албайм. Мындай фильм биринчи жолу тартылды деп, анан дагы аз келгенсип кыргыздын залкар фильмдерине салыштырып кереги жок, ага калыӊ бет керек (биздин кино – “серьёзный” кино деп). 

Чет өлкөгө кетким келет…

Автор: aykol, September 20, 2012

                           Англис тили сабагында отурабыз. Жети киши. Баардыгы айыл жергесинен келген студенттер көрүнөт. Кыздар, балдар. Жыйырма биринчи кылымдын тилин үйрөнөлү деп, замандан артта калбай, билимге умтулгандары жакшы.

Мугалим алгачкы сабакты баштап, эмне үчүн англис тилин үйрөнгүңөр келди деген суроо менен кайрылды. Жети кишинин бирөө гана «Иштеген ишиме керек болот» деп жооп берсе, калган алтоо «Чет өлкөгө кеткибиз келет» (албетте АКШ!) деп айтышты. «Чет мамлекетке барып окугубуз келет» дешкен да жок… а «Кеткибиз келет».

Эмне үчүн Кыргызстандын калкынын саны беш гана миллион экенин эми мага бир аз түшүнүктүү болду окшойт. Менин дагы кетким келет… бирок окуганы.

Жан дүйнөнү ээнсиреткен “Ээнсиреген үй”.

Автор: aykol, September 14, 2012

 

            Көптөн күткөн күн келди.  Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” фильминин премьерасына билет алып, бутум-бутума тийбей татырактаган бойдон чуркап бардым.  Фильм бүткөн соӊ бир кызыктай абалга туш болдум. Жан дүйнөмдү бирөө күчкө салып кагып, өзүмдүн денемди бир бош кутудай эле сездим. Башым кеӊгиреп, эчнерсени ойлоно албаган абалга келдим. Ичимде бир нерсе мени бушайман кылып жатты. “Ээнсиреген үй” жан-дүйнөмдү ээнсиретти.  Ошол маалда эч нерсени түшүнө албадым. Убакыт өткөндөн кийин гана мунун себептерин түшүндүм. Түшүндүм окшойт… Башымда көп суроолор пайда болду.

            Бул менин фильмге болгон жеке пикирим. Муну менен фильмди жамандайын да же мактайын  деген да ниетим жок. Кеч болсо да башыма келген ойлорду кагазга түшүрүп сиздер менен бөлүшөйүн дедим.

            Фильм экранга жаӊы чыкканда эле төшөк сахналары менен элди бир дүрбүттү. Нурбек Эгенди сөкчүлөрү сөгүп, тамшанчулары тамшанып эле жатып калышты. Коомдо көӊүлдүн көбү ушул сахналарга такалып эле жалпы маанисине көӊүл бурулбай калды окшойт. Муну менен режиссер фильмди дагы курч көрсөтөйүн дедиби, же “Мына силерге” деп өз чыгармачылыгындагы бир эр-жүрөк кадамыбы, же көбүрөөк көрүүчүлөрдү тартып “касса” топтоюн дедиби, бул мен үчүн табышмак бойдон калды. Эмнеси болсо да бул Нурбек Эгендин режиссердук чечими. Мени тынсыздандырганы, эптеп атын чыгарып, элден акча топтомойго көнгөн “самопал” режиссерлор мындай сахналарды тартпаса экен дегеним. Мындай аракеттин  жыйынтыгы кандай болоору алдын ала белгилүү да.

            Фильмде бир сүйүнтө турган нерсе – башкы каарманды ойногон Марал Койчукараева бир гана Нурбек Эгендин табылгасы эмес, жалпы эле кино дүйнөсүнө ачылыш болду окшойт.  Кыргыз, орус, француз  профессионал актерлордун жанында биринчи жолу киного тартылып жаткан Марал бир канча кадам алдыда турат. Маралда жасалмалуулук жок. Ал ошонусу менен утат. Татаал  ролду жаратуу менен эле бирге “Эл эмне” дейт деген көнүмүш стереотипти тоготпой ачык сахналарга макул болгонуна даӊк жана дүӊк!

            Бул фильмде бир да оӊ каарман жок экен. Бир да каарман  фильмдин аягына чейин оӊ тарапка өзгөрүлбөйт. Тескерисинче жаман болсо ого бетер жаман бойдон кала берет. Асел – алдында максаты жок, тереӊ ойлонбогон кыз. Жашоонун агымы аны кайда бурса ошол жакка ооп кете берет. Мейли, жеӊил ойлуу экен. Жакшы, жеӊил жашоону каалады. Анын эмнеси жаман экен. Султандын жыйылган акчасына көмүлүп, баласына ата кылып жашай бербейт беле. Жок. Колукту болгусу да келбеди, эне болгусу да келбеди.  Эмнегедир Москвага кетти.  Көрүүчүгө Аселдин жашоодон эмне каалап жатканы да белгисиз. Марат аттуу жигити менен жылуу сезим, аяр мамилени эмес, жөн гана төшөктөш болгонун көрөбүз. Анысы ылайыгы келген жерде эле баса калат.  Деги эле Аселдин тегерегиндеги эркектердин баардыгы алсыз.  Жигити жоопкерсиз, коркок. Күйөөсү Султан элдин баарын арам акчага сатып алам дейт, Султан акчанын күчү менен гана султан боло алат.  Атасы жинди сууга көз каранды, алсыз, кызын бир плазма телевизорго сатты.

Асел алда канча күчтүү. Ага анын жеӊил ойлуулугу күч берет. Кетем деген жагына кете берет, кылам дегенин кыла берет. Башына оор иш түшсө да, мүӊкүрөп отуруп калбайт. Эч качан ыйлабайт. Качыш керек болсо качат, мушташыш керек болсо мушташат. Асел үчүн күнүмдүк гана жашоо маанилүү.  Энелик мээримсиз чоӊойгон кыз. Ушул нерсе анын кулк-мүнөзүнө катуу таасир берген.

            Фильмде кээ бир сюжеттер өз ара байланыша албай калгандай сезилди. Алар фильмдин убактысын гана созуп, мен үчүн суроо гана жаратты. Мисалы: эртеӊ үйлөнө турган Аселди Султан эмне үчүн митингге чыгарат? Фильмдин башынан аягына чейин 3-4 жолу ээн талаада жүргөн койду көрөбүз. Муну менен эмнени түшүнсөк болот? Символ катары башкы каарманды койго салыштыруубу же..?  Койлордун ичине наркотик тыгып, чек арадан өткөрүү – деги эле бул сюжет керек беле, анан аягы  эмне болду? Бул жөн гана көрүүчүнү дагы бир жолу ашыкча таӊ калтыруу аракетиндей сезилет.  

            Фильмде Кыргызстанды тегеректеген үч өлкө бар. Россия, Кытай, Америка. Бир туруп орустардын акчасына, бир туруп кытайлардын акчасына өзүбүзгө өзүбүз митинг уюштуруп, өзүбүз менен өзүбүз эле мушташып алмайыбыз бар. Султанды тегеректеген орус менен кытайдын ар кимисинин өз максаты бар. Эттен чоӊураак тиштеп калайын деген. Ал эми Америка тууралуу Султандан гана угабыз. Ал Америкалыктар кыргыздарга дос эмес деп чоӊунан баштап кичинесине айткандан чарчабайт.  Ал тургай Аселдин баласын сатып алган француз аял да америкалыктарды жактырбасын айтат. Бул бизге орус саясатынын таӊуулаган оюндай сезилди… Фильм деги эле көп улуттарды камтыйт. Көӊүлүмдү бир каарман бурду. Москвадагы Игорь. Анын сүрөттөмөсү: акылдуу, интеллигент.  Тамыр-түбү Москвадан! Бирок кризистен кийин айласы жок “дядяга” иштейт. Жапайы түрктөргө… (туугандарга да тийише кетишиптир). Игорь Аселге жыргал жашоону үйрөтөт. Анын айтуусунда көлүбүздүн түштүк жээги алтындын уюгу. Көздөрү жанып, бизнес план да ойлонуштура коет.  Оо, бир оӊ каарман бар окшойт. ))

            Ошентип фильмдин аягында Асел ымыркай баласын сатты. Баштыгына акча толтурду. Бирок дагы эле максаты жок. Кайра эле башы оогон тарапка кеткен Асел ара жолдо каракчыларга жем болду.  Өз жолун таба албады. Асел – мен ырдай алам деп мактанып калмайы бар эле. Сахнага чыгып ырдай баштаганда, анын ырдай албаганын өз кулагыбыз менен угабыз. Бирок эч нерседен тайманбаган Асел  үнүн оӊдоп, кайра башынан ырдай баштайт. Аттиӊ,  жашоодо да каалаган жериӊден токтотуп кайра башынан баштай алсаӊ гана…

            Урматым менен Нурбек Эгенге чыгармачылык ийгиликтерди каалап,  дагы жаӊы фильмдерди кызыгуу менен күтөм.